Трамп Бразилияны колдойт

Трамп Ак үйдө Болсонаруну тосуп алды.

1166816
Трамп Бразилияны колдойт

АКШнын президенти Дональд Трамп, Бразилиянын НАТОго мүчө болушуна толук колдоо көрсөтө тургандарын айтты.

Дональд Трамп Бразилия менен аскердик карым-катнаштардын абдан өнүккөнүн белгилеп, бул өлкөнүн НАТОго мүчө болушун ачык колдой тургандарын билдирди.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонаруну биринчи жолу Ак үйдө тосуп алган Трамп, АКШ-Бразилия карым-катнаштары туурасында маалымат берди.

Эки өлкөнүн ортосундагы алакалардын абдан маанилүү жана жакшы абалда экенин баса белгилеген Дональд Трамп, Бразилияга бардык тармакта колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын жана эки тараптуу карым-катнаштардын буга чейин болуп көрбөгөндөй түрдө күчтүү экенин белгиледи.

Трамп айрыкча Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна мүчө болгусу келген Бразилиянын бул аракетине толук колдоо көрсөткөнүн да кошумчалады.

Бир тараптан Дональд Трамп Венесуэла темасында да маалымат берип, бул өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу «баардык альтернативалар үстөлдө» деген билдирүүсүн кайталады.



Тектеш кабарлар