Трамп-Салман сүйлөшүүсү

Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPAнын маалыматына караганда Трамп, мураскор канзаада Бин Салман менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

1269573
Трамп-Салман сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPAнын маалыматына караганда Трамп, мураскор канзаада Бин Салман менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Дональд Трамп, сүйлөшүүсүндө өлкөсүнүн Сауд Арабиянын коопсуздук жана ырааттуулугун бардык темада колдогон кызматташтык түзүүгө даяр экендиктерин айтып, Сауд Арабиядагы 2 чоң мунай зат ишканасына карай болгон террор кол салуусуна жана буга окшогон кол салуулардын АКШнын экономикасына жана глобалдык экономикага терс багытта таасир тийгизгенин баса белгиледи.

Трамп, Мухаммед бин Салман менен айрыкча эки тараптуу карым-катнаштар менен катар эл аралык жана аймактык темаларды карап чыкты.

Сауд Арабиянын улуттук мунай зат фирмасы «Саудиялык Арамкого» таандык 2 ишканага кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө учкучсуз учуучу куралдуу аппарат менен кол салуу болуп өрт чыккан.

Каза болгон же жаракат алган эч ким болбогон кол салуу тууралуу кайсы бир тарап күнөөлөнбөсө дагы, Хусилер жазуу түрүндө маалымат берип кол салууну өздөрү уюштурганын айтып чыккан.



Тектеш кабарлар