Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореяны күнөөлөдү

Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ким Сонг АКШ менен Түштүк Кореяны сынга алды.

1304784
Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореяны күнөөлөдү

Түндүк Корея АКШны саясий жана аскердик үгүттөө жүргүзгөндүгү, Түштүк Кореяны да эки жүздүү мамиле кылгандыгы менен күнөөлөдү.

Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ким Сонг, Эл аралык атом энергетикасы агенттиги менен өткөрүлгөн БУУнун Башкы Ассамблеясындагы жыйында, АКШ менен Түштүк Кореяны сынга алды.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы карым-катнаштарда 2018-жылдын июнь айындагы лидерлер саммитинен бери абдан аз жылыш болгонун белгилеген Ким Сонг: «Корея жарым аралы бузулган чыңалуулардын бүдөмүгүнөн дагы деле чыга элек»,-деди.

Ким Сонг АКШны саясий жана аскердик үгүттөө жүргүзгөндүгү, Түштүк Кореяны да эки жүздүү мамиле кылгандыгы менен күнөөлөдү.

Февралда өткөрүлгөн АКШ-Түндүк Корея саммитинин ийгиликсиз болушунан бери эки өлкөнүн ортосунда токтоп калган ядролук дипломатия улана элек.



Тектеш кабарлар