Түндүк Корея атомдук сүйлөшүүлөрдүн келишим менен жыйынтыкталышын күтүүдө

Февраль айында өткөрүлгөн Дональд Трамп - Ким Чен Ын жолугушуусунда келишим түзүлбөстөн сүйлөшүүлөрдүн улантылышы үчүн эки тарапка жоопкерчилик берилген.

1268910
Түндүк Корея атомдук сүйлөшүүлөрдүн  келишим менен жыйынтыкталышын күтүүдө

Түндүк Кореянын Вашингтон менен бул айдын акырында кайрадан баштоону күтүп жаткан атомдук сүйлөшүүлөрдүн АКШда 2020 – жылдагы президенттик шайлоодон мурда келишим менен жыйынтыкталышын каалагандыгы билдирилди.

Түштүк Кореянын маалымат агенттиги Йонхапта орун алган кабарга караганда Японияда  чыккан Түндүк Корея режимине жакындыгы менен белгилүү "Choson Sinbo" гезити Пхеньян башкаруусунун сентябрь айынын акырында кайрадан башталышын күткөн атомдук сүйлөшүүлөрдүн келишим менен жыйынтыкталышын күтүп жаткандыгын ортого салды.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын февраль айындагы жолугушуусунда атомдук куралсыздануу тууралуу келишимдин түзүлө албагандыгын, сүйлөшүүлөрдүн улантылышы үчүн эки тарапка да жоопкерчиликтин берилгендигине көңүл бурулган кабарда : «Эгерде АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда жаңы бир саммит өткөрүлө алса бири бирин атомдук коркунуч катары көргөн эки өлкөнүн коопсуздук тынчсызданууларын жоюп карым  - катнаштарда жаңы бир мезгилди баштоо үчүн бир мүмкүнчүлүк болот»,- деп билдирилди.

Кайрадан башталышы пландалган сүйлөшүүлөрдүн ийгилигинин АКШ ортого салган сунуштарга караштуу болору баса белгиленген кабарда : «Эгерде жаңы сүйлөшүүлөр процесси ийгиликсиз боло турган болсо жана диалог токтотула турган болсо Түндүк Кореянын АКШда президенттик шайлоо боло турган 2020 -  жылы жаңы бир жол менен кетүүдөн башка чарасы болбойт. Трамп башкаруусу келишим түзүүнү каалап жаткан болсо бул мүмкүнчүлүктү пайдалануусу керек»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар