Түндүк Корея Кытайдын премьер-министрин өлкөгө чакырды
Ли Кэцян ушул күнгө чейин Түндүк Кореяга эч сапар жасаган эмес.
1268310
Түндүк Корея, Кытайдын премьер-министри Ли Кэцянды расмий сапар үчүн өлкөгө чакырды.
Япон маалымат агенттиги Киодонун кабарына караганда, Пхеньян башкаруучулугу эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнаштарынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгынан улам Кытайдын премьер-министри Лини октябрда өлкөгө чакырганы белгиленди.
Сапарда Линин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен бетме-бет жолугушуусунун пландалганы маалымдалды.
2013-жылдан бери кызмат кылып келе жаткан Ли, ушул күнгө чейин Түндүк Кореяга эч сапар жасаган эмес.
Бул сапар ишке аша турган болсо Ли 2009-жылдан бери өлкөгө сапар жасаган биринчи Кытай премьер-министри болот.