Тунистин мурунку президенти Бин Али ооруканага жаткырылды

Тунистин 83 жаштагы мурунку президенти Зейнел Абидин бин Али төңкөрүш болгон 2011 -  жыл 14 -  январдан бери Сауд Арабияда жашап жатат.

1268873
Тунистин мурунку президенти Бин Али ооруканага жаткырылды

Тунистин кулатылган президенти Зейнел Абидин бин Али ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылды.

Тунисте менчик бир радио Mosaique FMге маалымат берген бин Алинин адвокаты Мунир бин Салиха бин Алинин ооруканага жаткырылгандыгын жана ден соолугунун начар экендигин айтты. Андан кийин фейсбуктан маалымат берген бин Салиха : «Зейнел Абидин бин Алинин кызы Халиме бин Али менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Медиада чыккан кээ бир жалган кабарларга жооп берүүнү каалаган Халиме айымдын : «Бин Али жашап жатат; күрөшүүдө. Жөн гана ооруп жатат»,- дегинин билдирди.

Ошол эле учурда Тунистин 83 жаштагы мурунку президенти Зейнел Абидин бин Али төңкөрүш болгон 2011 -  жыл 14 -  январдан бери Сауд Арабияда жашап жатат.



Тектеш кабарлар