Түрк жээк сууларында качкындар куткарылды

Резина кайыктарда 74 адам болгон.

1467555
Түрк жээк сууларында качкындар куткарылды

Балыкесирдин Айвалык районунун жээктеринде грек жээк күзөтчүлөрү тарабынан түрк тарапка түртүлгөн резина кайыктагы 74 качкын куткарылды.

Грециянын Мидилли аралынан мыйзамсыз өтүүнү каалаган качкындар 2 резина кайык менен деңизге чыгышты.

Грециянын жээк кооргоо кызматкерлери 74 кишини байкап калып кайра Түркиянын жээк сууларына түртүштү.

Маден жана Чыплак жээктериндеги качкындарды аныктаган Түркиянын Жээк Коргоо кызматкерлери бул адамдарды кургактыкка чыгарышты.



Тектеш кабарлар