Түштүк Африкада автобус кырсыгы: 45 адам каза болду

Ботсванадан Түштүк Африканын Мориа аймагына бараткан жүргүнчү автобусу Лимпопо чек ара аймагында көпүрөдөн кулап түштү.

2121755
Түштүк Африкада автобус кырсыгы: 45 адам каза болду

Түштүк Африканын түндүгүндө жүргүнчү ташыган автобус көпүрөдөн кулап, кырсыктан 45 адам каза болду.

Ботсванадан Түштүк Африканын Мориа аймагына бараткан жүргүнчү автобусу Лимпопо чек ара аймагында көпүрөдөн кулап түштү.

Кырсыктан автобустун ичиндеги 45 жүргүнчү каза болуп, 8 жаштагы бала жаракат алып куткарылды.

Түштүк Африканын транспорт министри Синдисиве Чикунга басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, кырсыктын себептеринин иликтенип жатканын кабарлады.



Тектеш кабарлар