Украина Россиянын кол салуулары тууралуу билдирди

Украинанын башкы штабы орус армиясы менен болгон кагылышуулардын Донецкке караштуу Бахмут аймагында күч алгандыгын жарыялады.

1867235
Украина Россиянын кол салуулары тууралуу билдирди

Украинанын башкы штабы орус армиясы менен болгон кагылышуулардын Донецкке караштуу Бахмут аймагында күч алгандыгын жарыялады. 

Башкы штаб акыркы 24 сааттагы кагылышууларга жана орус армиясынын жоготууларына байланыштуу маалымат берди. Маалыматка караганда орус армиясы көпчүлүгү Донецк аймагында болуу менен 200 аскерин жоготту. 

Согуш башталган 24 -  февралдан 12 -  августка чейинки убакытта таасирсиз абалга келтирилген орус аскерлеринин саны 43 миң 200 болду. Бул мезгилде орустарга таандык 233 учак, 191 тик учак, 1849 танк, 4 миң 108 ок өткөрбөс транспорт, 975 артиллерия, 261 ракета аткыч жана 136 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрүнүн 3 миң 21 унаа, 15 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайык, 778 учкучсуз учуучу аппаратынан ажыраганы, орустар тарабынан учурулган 185 канаттуу ракетанын да Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылып жок кылынганы белгиленди.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө, Украинада 1351 орус аскеринин өлгөнү жарыяланды, бирок андан кийин жоготуулар боюнча маалыматтар жаңыланган жок.

Украина башкы штабынын дагы бир билдирүүсүндө, Донецктин Бахмут аймагында кагылышуу күчөгөнү кабарланды.

Билдирүүдө танктар, артиллерия жана учактар ​​менен чабуул жасаган орус күчтөрү Горливка-Зайчев багытында жарым-жартылай ийгиликке жетишкени белгиленди.

Украин бийлигинин маалыматына караганда, орус армиясына каршылык көрсөтүү улантылып, орустар кээ бир шаарларга ракеталык чабуулдарды жасашты.

 

Орус күчтөрү акыркы 24 саатта Луганск аймагына 8 жолу абадан сокку урду.

Донецкке караштуу  Краматорск шаарына  орус күчтөрү тарабынан 11 ракета атылды.

Бул жерде 3 үй жабыркап, каза болгондор болгон жок. 

Кураховеге жасалган ракеталык кол салууда алгачкы аныктамалар боюнча 2 украиналыктын каза болгондугу билдирилди.

Днепропетровскинин Марганеч шаарына 40ка жакын «Град» ракетасы атылды.

 



Тектеш кабарлар