Украинада ракеталык чабуул: 10 адам каза болду
Марганец мэриясынын катчысы Анатоли Деркач: «Ракеталык жана артиллериялык чабуулдардын себебинен 10дон ашык адам каза болуп, 11ден ашуун адам жараат алды»,- деди.
1866316
Орус күчтөрүнүн кечээ Украинанын Днептопетровск аймагындагы Марганец шаарына жасаган ракеталык жана артиллериялык кол салууларында 10дон ашуун кишинин каза болгондугу билдирилди.
Марганец мэриясынын катчысы Анатоли Деркач: «Ракеталык жана артиллериялык чабуулдардын себебинен 10дон ашык адам каза болуп, 11ден ашуун адам жараат алды»,- деди.
Кол салуулардын карапайым калк жашаган жерлерге жасалганын билдирген Деркач, Орусиянын биринчи бомбалаган жерлердин бири экенин айтты.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган болчу.