Украинанын премьер - министри Денис Шмихал польшалык кесиптеши Дональд Туск менен жолугушту

Шмихал Польшанын борбор шаары Варшавада кесиптеши Туск менен жолугушуп, чек ара аймагындагы дыйкандардын блокадасы боюнча кеңешти.

2121743
Украинанын премьер - министри Денис Шмихал польшалык кесиптеши Дональд Туск менен жолугушту

Украинанын премьер - министри Денис Шмихал жана анын польшалык кесиптеши Дональд Туск айыл чарба саясатына каршы чыкан европалык  дыйкандарынын акыркы нааразылык акцияларын талкуулашты.

Шмихал Польшанын борбор шаары Варшавада кесиптеши Туск менен жолугушуп, чек ара аймагындагы дыйкандардын блокадасы боюнча кеңешти.

Туск Украинадан ташыла турган товарларга чектөө киргизүүнү жана муктаж болгон өлкөлөр менен импортту көбөйтүүнү сунуштады.

Польшалык дыйкандар 21-мартта өкмөт Украинадан арзан айыл чарба азыктарын импорттоону токтотууга макул болгондон кийин нааразылык акцияларын токтотушкан.

Германия, Франция, Италия, Испания, Нидерландия, Бельгия, Венгрия жана Греция сыяктуу Европа Биримдигинин көптөгөн өлкөлөрүнүн дыйкандары жакында ишке ашырылган айыл чарба саясаттарына каршылык көрсөтүшүүдө.

Биримдиктин айыл чарба саясаты, рыноктук комплекстүү жөнгө салуу, жаратылышты калыбына келтирүү максаттары, субсидияларды азайтуу, энергиянын, күйүүчү майдын жана жер семирткичтердин кымбаттыгы, жер семирткичтерди жана пестициддерди колдонууга чектөөлөр, Украинадан арзан дан азыктары жана сууну үнөмдөө чаралары көтөрүлдү.

Фермерлер Европа Биримдигинин "Жашыл келишимдин алкагында көмүртектүү жер семирткичтерди жана пестициддерди колдонуу боюнча катуу эрежелерди киргизүү менен айыл чарба өндүрүшүн кыйындатып жатат" деп сындашууда.



Тектеш кабарлар