Вучич :Косово администрациясы сербдер жашаган түндүк аймактарга кол салууну каалайт

Өлкөнүн борбору Белградда журналисттердин суроолоруна жооп берген Александр Вучич : "Белграддын Косового кол салууну каалагандыгы жалган. Приштина негизинен Косовонун түндүгүнө кол салгысы келет",- деди.

1866808
Вучич :Косово администрациясы сербдер жашаган түндүк аймактарга кол салууну каалайт

Сербиянын президенти Александр Вучич Косово администрациясы өлкөнүн сербдер жашаган түндүк аймактарына чабуул жасоону пландап жатканын билдирди.

Өлкөнүн борбору Белградда журналисттердин суроолоруна жооп берген Александр Вучич : "Белграддын Косового кол салууну каалагандыгы жалган. Приштина негизинен Косовонун түндүгүнө кол салгысы келет",- деди. 

Приштинанын Украинадагы абалды Сербия менен күрөшүү үчүн колдонуп жатканын айткан Вучич Приштина башкаруучулугунун өлкөнүн түндүгүндөгү сербдер жашаган аймактарга кол салууну пландап жатканын белгиледи.

Косовонун премьер  -  министри Албин Куртинин Белграддын кагылышуу чыгышы мүмкүн деген айыптоолор менен агрессивдүү бир саясат жүргүзгөндүгү тууралуу билдирүүсүн "абсурд" деп мүнөздөгөн Вучич : "Буга окшогон жалгандар көптөгөн күндөрдөн бери дүйнөлүк медиада жарыяланууда",- деди. 

Серб лидери 18-августта Бельгиянын борбору Брюсселде Косово делегациясы менен жолугушуунун да ийгиликтүү болбой тургандыгын билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар