Жаңы дем алдыруучу аппарат иштелип чыкты

Мерседес командасы, коронавирус менен күрөшүүдө маанилүү кадам таштады.

1387642
Жаңы дем алдыруучу аппарат иштелип чыкты

Формула-1 командаларынан Мерседес, коронавирус менен күрөшүүдө маанилүү кадам таштады.

Лондон университетинин изилдөөчүлөрү менен бирге иш алып барган немис курамасы, дем алдыруучу аппарат иштеп чыкты.

Бул аппараттын негизинде оорукананын жандандыруу бөлүмдөрүнүн жүгүнүн жеңилдетилиши пландалууда.

Билдирүүгө караганда Мерседес, учурдагы өндүрүмдү өнүктүрүп жаңы аппарат долбоорлоду.

Аппараттын оорулуунун өпкөсүн түздөн-түз кычкылтек менен камсыздагандыгы кабарланды.

Бул фирма жаңы дем алдыруучу аппараттын бир аптанын ичинде ооруканаларга таркатыла баштай тургандыгын билдирди.

ББСнин кабарына караганда Мерседес бул аппараттардан бир күндө кеминде миң даана чыгара алгыдай мүмкүнчүлүгү бар.



Тектеш кабарлар