Жаңы Зеландияда террор курмандыктары үчүн эскерүү

Ардерн аялдардан мусулмандар менен тилектештикти көрсөтүүлөрү үчүн жоолук салынууларын суранды.

1167178
Жаңы Зеландияда  террор курмандыктары үчүн эскерүү

Жаңы Зеландияда премьер  - министр Жасинда Ардерн Крайстчёртч шаарында 15 -  мартта эки мечитке карата жасалган террордук кол салууда каза болгондор үчүн жума күнү жалпы өлкөдө эки минуталык эскерүүгө катышарын айтты.

Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларга караганда Жаңы Зеландияда жума күнү террордук кол салуунун курмандыктары үчүн эки минуталык эскерүүгө катышарын жана Ардерн аялдардан мусулмандар менен тилектештикти көрсөтүүлөрү үчүн жоолук салынууларын суранды.

Террордук кол салуудан кийин дүйнө лидерлеринин социалдык медиа тууралуу топ түрүндө кыймыл кылышын керек кылган маселелер экендигин белгилеген Ардерн социалдык медиада кездешилген кээ бир маселелердин чечиле албай тургандыгын айтты.

Премьер  - министр Ардерн «Бул бир гана Жаңы Зеландиянын маселеси эмес. Чындык социалдык медиа платформалары зомбулукту колдоо жана жайылтуу үчүн колдонулду. Керек болгон нерсе баарыбыз бул фронтто биригүүбүз керек»,- деди.

Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы Крайстчёртч шаарында 15 -  мартта жума намазында 10 минуталык аралык менен Ал Нур жана Линвуд мечиттерине жасалаан террордук кол салууларда 50 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар