Жер титирөөдөн улам Грецияда жабыркагандар катталды

Жер титирөөнүн себебинен аралдагы тарыхый чиркөө кулап, цунамиден улам көптөгөн үйлөрдү жана унааларды суу каптады.

1519108
Жер титирөөдөн улам Грецияда жабыркагандар катталды

Кечээ Эгей деңизинде болгон жер титирөөдөн улам Грециянын Самос аралында 2 адам каза болду.

Грециянын мамлекеттик ERT телеканалынын жаңылыктарына караганда, Самос аралындагы жер титирөө учурунда Ватхи шаарындагы мектептен үйүнө кайтып келе жаткан 2 окуучу кулаган эски үйдүн дубалдарынын астында калышты.

Самос мамлекеттик ооруканасына жеткирилген окуучулар бардык аракеттерге карабастан куткарыла алган жок.

Жер титирөөнүн себебинен аралдагы тарыхый чиркөө кулап, цунамиден улам көптөгөн үйлөрдү жана унааларды суу каптады.



Тектеш кабарлар