Жүргүнчүлөрдү ташыган эки поезд кагышты

Бангладеште поезд кырсыгы

1305073
Жүргүнчүлөрдү ташыган эки поезд кагышты

Бангладештин чыгышында эки поезддин кагышуусунан келип чыккан кырсыкта кеминде 16 киши көз жумду.

Бангладеш басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, баш калаа Дакканын 100 чакырым чыгышындагы Брахманбариа аймагында, түштүк шаары Читтагонг жана Даккага баруу үчүн сапар алган эки поезд жергиликтүү убакыт боюнча саат 3.00тө кагышты.

Окуя болгон жерге барган куткаруучу топтор 16 кишинин жансыз денесин тапкандарын билдиришсе, кеминде 40 кишинин да жаракат алгандыгын белгилешти.

Жаракат алгандарды ооруканага жеткирген кызматкерлер, каза тапкандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин айтышты.

Кырсыктын себеби жөнүндө азырынча маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар