Зимбабве кургакчылыктын айынан жүздөгөн жаныбарды башка аймактарга алып барат

Зимбабвенин  өткөн айда суу кудуктарын ачуу үчүн 30 пилдин баласын Кытайга сатуусу талаш  - тартыштарга жол ачкан.

1304925
Зимбабве кургакчылыктын айынан жүздөгөн жаныбарды башка аймактарга алып барат

Зимбабве кургакчылыктын айынан жок боло баштаган жүздөгөн жапайы жаныбарды өлкөнүн башка аймактарындагы парктарга алып барат.

Зимбабве улуттук парктар жана жапайы турмуш башкаруусунан берилген маалыматка караганда Саве өрөөнүн коргоо аянтындагы пил, импала жана буйвол сыяктуу жүздөгөн жаныбар өлкөнүн башка аймактарындагы үч паркка алып барылат.

Топ түрүндө ташуунун негизинде 600 пил, 2 миң импала, 50 буйвол жана 40 жираф жана башка көп сандаган жаныбар Чизарира улуттук паркы, Сапи улуттук паркы менен Мавурадонха сафари аянтына алып барылат.

Суу жана тамак – аш табуу үчүн эл жашаган аянттарга кире баштаган жаныбарларды ташуу үчүн 3 миллион долларга жакын акчанын сарпталышы күтүлүүдө.

85 миң пили болгон Бостванадан кийин дүйнөдө эң көп пил болгон өлкөдө ушул кезге чейин 200дөй пил кургактыктын айынан жок болду.

Зимбабвенин  өткөн айда суу кудуктарын ачуу үчүн 30 пилдин баласын Кытайга сатуусу талаш  - тартыштарга жол ачкан.

 



Тектеш кабарлар