2020 - жылы Сакарияда өндүрүлгөн ар бир 100 унаадан 76сы экспорттолду

Түркиянын автомобиль өндүрүүдө локомотив шаарларынын арасында орун алган Сакарияда өткөн жылы 255 693 унаа өндүрүлдү.

1570598
2020 -  жылы Сакарияда өндүрүлгөн ар бир 100 унаадан 76сы экспорттолду

Түркиянын автомобиль өндүрүүдө локомотив шаарларынын арасында орун алган Сакарияда өткөн жылы 255 693 унаа өндүрүлдү.

Автомобиль өнөр жай коомунун маалыматтарына караганда Түркияда 2020 -  жылы өндүрүлгөн 1 миллион 335 957  унаадан 930 миң 38зи экспорттолду. Алардын ичинде тракторлор да бар.

Бул санда 21 пайыздык үлүшкө ээ болгон Сакария өндүргөн 255 693 унаанын 76, 4 пайызына туура келген 195 504 унааны экспорттоду.

Сакария ушундайча өндүрүлгөн ар бир 100 унаадан 76сын өлкө тышына сатты. Түркиянын автомобиль өндүрүшүндө локомотив шаарларынын арасында орун алган Сакария экспорттогон 195 504  унаа менен өлкө экономикасына 4 миллиард 3 миллион 855 000 доллар валютанын киришине мүмкүнчүлүк түздү.

Экспорт рейтингинде Стамбул, Бурса, Кожаели, Измир, Анкара жана Газиантептен кийин 7 – орунда турган Сакария өткөн жылы 153 өлкөгө жана 10 эркин аймакка болжол менен 4,5 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды.



Тектеш кабарлар