Афьонкарахисардан 30 өлкөгө минералдык суу экспорттолууда

Афьонкарахисардын Исжехисар районунда курулган заводдон 30 өлкөгө 14 түрдүү минаралдык суу экспорту жасалууда.

1448510
Афьонкарахисардан 30 өлкөгө  минералдык суу экспорттолууда

 Афьонкарахисардын Исжехисар районунда курулган заводдон 30 өлкөгө 14 түрдүү минаралдык суу экспорту жасалууда.

Комплекстин башкы директору Мехмет Башпынар эл аралык бир иш чарада кара тыт жана табигый минералдык суу продукциялары менен сыйлык алышкандарын белгилеп, дайыма Ар – Ге (изилде – өнүктүр) менен жылда эң аз эки продукция чыгарып базарга жаңы даамдарды сунушкандарын айтты.

Бул жылы жаңы бир продукция дагы чыгарышкандарын айткан Башпынар : «Дюшес алмурут, нектарин жана карамикс абдан сонун бир даам. Карамикс табигый ароматтардан алынган, ичинде карамели болгон суусундук»,- деди.

Бардык продукцияларда 100 пайыз табигый минералдык суу жана үйлөрдө колдонулган кум шекердин суюлтулганын колдонушкандарын айткан Башпынар : «Эч качан генетикасы өзгөртүлгөн организм жок. Мөмө ароматтарыбыз толугу менен табигый, колдонгон бардык чийки заттар табигый»,- деди.

Максаттарынын Исжехисарда чыккан минералдык сууну бүткүл дүйнөгө таанытуу экенин баса белгилеген Башпынар Германия, Нидерландия, Бельгия, Британия, Болгария, Франция жана АКШга жиберген продукцияларга эң көп Кытай, Араб өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштан талаптардын келгенин айтты. Башкы директор Россия менен сүйлөшүүлөрдүн улантылып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар