АКШ F-35 учагынын тетиктерин чыгаруу үчүн түрк фирмалары менен кызматташуусун улантат

Пентагондун басма сөз катчыларынан Жессика Максвелл, түрк фирмалары F-35 учагы үчүн чыгарган 139 тетиктин өндүрүлүшүн 2022-жыл бою уланта турганын айтты.

1446721
АКШ F-35 учагынын тетиктерин чыгаруу үчүн түрк фирмалары менен кызматташуусун улантат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) биргелешкен чабуул учагы F-35тин айрым тетиктерин чыгаруу үчүн 2022-жылга дейре түрк фирмалары менен иштөөсүн уланта турганын жарыялады.

Пентагондун басма сөз катчыларынан Жессика Максвелл, түрк фирмалары F-35 учагы үчүн чыгарган 139 тетиктин өндүрүлүшүн 2022-жыл бою уланта турганын айтты.

Максвелл: «Өнөр жай өнөктөштөрүбүз уланып жаткан келишимдерин актарышат. F-35 программасы бул жагынан алганда келишимди чыгымдуу, тартипти бузуучу жана керексиз бузуудан алыс турду»,-деп айтты.

Түркия, Россиядан С-400 абадан коргонуу системаларын өткөрүп алгандан кийин АКШ өткөн жылы июль айында Түркиянын F-35 программасына өнөктөштүгүн токтоткон болчу.

Бирок АКШ, түрк фирмаларынын белгилүү тетиктерди өндүрүүсү үчүн учурдагы келишимдерин жойгон эмес жана жаңы камсыздоочулар табылганга дейре түрк фирмаларынын үстүбүздөгү жылдын акырына дейре тетиктерди камсыздоосун улантышына уруксат берилген.

Жаңы типтеги коронавирус пандемиясы менен F-35 тетиктеринин жасалып чыгарылышында олуттуу мүчүлүштүктөр болгон.

Түрк фирмалары учагы үчүн миңден көп тетик өндүрүп жаткан болчу.

 

 



Тектеш кабарлар