Албайрак экспорттун көрсөткүчтөрүнө баа берди
Түркия июль айында 15 миллиард долларлык экспортко жетишти.
1466869
Казына жана каржы министри Берат Албайрак эсеп-кысап балансынын жылдын экинчи жарымында күтүүлөрдөн жакшы болоорун билдирди.
Албайрак өзүнүн Твиттер баракчасынан июль айынын экспорттук көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат бөлүшүп: «Түркия июль айында 15 миллиард долларлык экспортко жетишти. Бул 2020-жылдагы эң жогорку деңгээл. Алтынды эске албаганда толуктоо катышы да 93,9 пайыз менен эң жогорку чекке жетти. Бардык экспортчуларыбызды куттуктайбыз»,- деп баа берди.