Албайрак:«Канал Стамбул долбоорун каржылоо жагынан кыйынчылык жок, бюджет үчүн тобокелдик эмес»

Казына жана каржы министри Берат Албайрак, Стамбулда 2019-жылга Баа берүү жыйналышында сөз сүйлөдү.

1344128
Албайрак:«Канал Стамбул долбоорун каржылоо жагынан кыйынчылык жок, бюджет үчүн тобокелдик эмес»

Казына жана каржы министри Берат Албайрак, Түркиянын 2019-жылды позитивдүү өсүү менен артка калтыра турганын белгиледи.

Албайрак Стамбулда 2019-жылга Баа берүү жыйналышында сөз сүйлөдү.

2019-жылдын позитивдүү өсүү менен артта калганын, 5 пайыздык өсүү жолунун улана турганын белгилеп өттү.

«2020-жылы инфляцияда бир орундуу санга кирген жыл болот»,-деп айткан Албайрак, бюджет тартибинин эң маанилүү кагылган казык болуусун уланта турганын баса белгиледи.

Пайыз катнаштарында олуттуу жеңилдөө болгонун билдирген Албайрак: «Жумушсуздук жагынан 2019-жылды 12,9 пайыздын астында жабабыз. 2020-жыл жумуш менен камсыздоо эң күчтүү түрдө чагыла турган жыл болот»,-деп айтты.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күн тартипте болбогонун белгилеген Албайрак: «Курста стабилдүүлүк камсыздалды. Түрк лирасына ишенгендер пайда тапты»,-деди.

Албайрак «Канал Стамбул» долбоору үчүн болсо, «Каржылоо жагынан кыйынчылык жок, бюджет үчүн тобокелдик эмес» деген серебин салды.



Тектеш кабарлар