Амасра порту биринчи кемесин тосуп алды

Портко конок болгон жүргүнчү кемеси Панама желеги илинген "Astoria Grande"  аттуу круиздик кеме болду.

1863188
Амасра порту биринчи кемесин тосуп алды

Бартындын тарыхый курулуштары жана табигый кооздуктары менен бирге ашкана маданияты менен да белгилүү Амасра районунда курулушу аяктап бара жаткан жүргүнчү порту биринчи жүргүнчү кемесин тосуп алды.  

Портко конок болгон жүргүнчү кемеси Панама желеги илинген "Astoria Grande"  аттуу круиздик кеме болду.

Россиянын Сочи шаарынан жолго чыгып, Стамбул аркылуу Амасра портуна барган "Astoria Grande" кемесинин 350 жүргүнчүнү губернатор Нуртач Арслан жана башка жетекчилер тосуп алышты.

Кемедеги жүргүнчүлөр текшерүү процедураларынан кийин райондун тарыхый имараттарын, жаратылыш кооздуктарын жана ашкана маданиятын жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

300 адам келген кеменин кийинки аялдамасы Синоп болот.



Тектеш кабарлар