Анталья туризмде рекордго жетти
Жер Ортолук деңизинин бермети жылдын биринчи 9 айлык мезгилинде 12, 5 миллион туристти тосуп алды.
1084263
Анталья 2018 жайкы сезонунда тарыхындагы эң жогорку турист санына жетишти. Жер Ортолук деңизинин бермети жылдын биринчи 9 айлык мезгилинде 12, 5 миллион туристти тосуп алды.
Бул мезгилде Орусиядан Түркияга 5, 12 миллион турист келди. Бул сан өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 24, 2 пайыз, өткөн жылкы жалпы орус турист санына караганда 8,9 пайызга өсүү деген мааниге келет.
Бул жылы шаарда эс алгандардын саны түрк туризминин алтын жылы катары аталып 2014 - жылдагы рекорддук көрсөткүчтөн 16 пайызга жогорулады.