Антальяга 6 миллион 688 миң турист келди
Сезондун эң активдүү мезгили болгон июль айында шаарга аба жолу аркылуу келген туристтердин саны 2 миллион 403 миң 992ге жетти.
Антальяга 2022-жылдын 7 айлык мезгилинде аба жолу менен келген туристтердин саны 6 миллион 688 миңге жетти.
Губернатордуктун билдирүүсүнө караганда, Ковид-19 пандемиясынын таасиринин азайышы жана Коопсуз туризм сертификатынын негизинде Антальяга келген чет элдик туристтердин санында чоң өсүш болду.
Январь-июль айларынын аралыгында шаарга аба жолу менен келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 97 пайызга өсүп, 6 миллион 688 миң 506ны түздү.
Сезондун эң активдүү мезгили болгон июль айында шаарга аба жолу аркылуу келген туристтердин саны 2 миллион 403 миң 992ге жетти.
Үстүбүздөгү жылдын 7 айлык мезгилинде эң көп турист 1 миллион 363 миң 526 киши менен Германиядан келди.
Экинчи орунда 1 миллион 275 миң 353 конок менен Орусия, үчүнчү орунда 617 миң 440 турист менен Британия турат.
Тектеш кабарлар
Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат
Дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.