Антальяга бир күндө 9 өлкөдөн 36 учак келди

Анталия ар кайсы өлкөлөрдөн туристтерди тосуп алды.

1452053
Антальяга бир күндө 9 өлкөдөн 36 учак келди

Коронавирус чара көрүүлөрүнүн негизинде коопсуз эс алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн Анталияга бир аптанын ичинде 27 миң 83 чет элдик турист келди.

Деңиз, кум жана күн менен бирге капчыгайлары, тарыхый жана туристтик жерлери менен айырмаланган Анталия, жаңы калыбына келүү процессинде ар кайсы өлкөлөрдөн, өзгөчө Казакстан, Беларусь жана Украинадан келген туристтерди тосуп алды.

Өткөн айда 21 миң 44 чет элдик конок келген шаарга 1-7-июль аралыгында 27 миң 83 чет өлкөлүк турист келди. Алардын ичинен 10 миң 498 украиналык туристтер.

Аэропорттон трансферге чейин, ресторан, пляж, бассейн, сауна, массаж жана спорт залдарга чейин ар тараптан катуу чаралар көрүлгөн мейманканаларда туристтерге ден-соолукка пайдалуу туризм кызматтары тартууланууда.

Профессионалдуу мейманкана жетекчилери ассоциациясынын башчысы Үлкай Атмажа, Түркияда коронавирус жаңы катталган март айынан бери биринчи жолу июль айында Анталияга чет өлкөдөн келген учактардын саны өлкө ичинен келген учактардын санынан ашканын айтты.

Атмажа: «Анталияга 5-июлда чартердик рейстер менен 9 өлкөнүн 36 шаарынан коноктор келишти. Бул Анталия үчүн чоң ийгилик», деди.



Тектеш кабарлар