Антальяга келген туристтердин саны өстү

Буга байланыштуу көрсөткүчтөр жарыяланды.

1202487
Антальяга келген туристтердин саны өстү

Орто эсеп менен 2,5 миллион калктуу туристтик шаар Антальяга 4,5 айдын ичинде 178 өлкөдөн 2 миллион 347 миң 152 турист келди.

Көрсөткүчтөргө караганда, дүйнөдөгү эң маанилүү туристтик жерлердин бири болгон шаарга 1-январдан 15-майга чейин келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 24 пайыз өстү.

Өткөн жылдын биринчи 4,5 айында 1 миллион 891 миң 428 чет элдик туристти тосуп алган Антальяга быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 178 өлкөдөн 2 миллион 347 миң 152 турист келди. Ушундайча бул шаар өзүнүн калкынын санындагыдай туристти тосуп алган болду.

Антальяга келген чет элдик туристтердин саны боюнча орусиялыктар биринчи орунда турат.

Орусиялык туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайыз өсүп 819 миң 406 болду.

Экинчи орунда 475 миң 198 турист менен Германия, андан соң 140 миң 606 турист менен Англия турат.

Англиядан кийин Нидерландия, Украина, Польша, Литва, Израиль, Бельгия жана Дания бар.



Тектеш кабарлар