Антальяга рекорддук санда турист келди

Шаарга эң көп орусиялык туристтер келди.

1302810
Антальяга рекорддук санда турист келди

Түркиянын негизги туристтик жерлеринен Анталья быйылкы жылдын 1-январынан 31-октябрына чейинки мезгилинде орусиялык 5 миллион 414 миң 602 туристти тосуп алып рекорд жаңылады.

Байыркы шаарларынан улам конокторун тарыхый сапарга чыгарган, деңиз, кум жана күн менен сыйкырлаган, көз жоосун алган булуңдары, үңкүрлөрү жана шаркыратмалары менен элди өзүнө тарткан Анталья миллиондогон туристти коноктоп жатат.

Туристтердин биринчи тандоолорунун арасында орун алган Анталья, конокторунун саны жагынан да рекорд жаратууда.

Быйылкы жылдагы туристтердин санында өткөн жылга салыштырмалуу өсүү болду.  

Антальяга быйыл 1-январдан 31-октябрга чейин 14 миллион 136 миң 150 чет элдик турист келди. Алардын көбүн орусиялыктар түзөт.

Өткөн жылы жалпы 4 миллион 801 миң, 1-январдан 31-октябрга чейинки мезгилде болсо 4 миллион 681 миң 299 орус турист эс алган Антальяга быйыл тийиштүү мезгилде Орусиядан 5 миллион 414 миң 602 турист келди.



Тектеш кабарлар