Атамекендик суу астындагы робот Kaşif (чалгынчы) «Фатих» бургулоочу кемесинде иштей баштады
Бул тууралуу Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез маалымат бөлүштү.
1511240
Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, атамекендик суу астындагы робот Kaşif (чалгынчы) «Фатих» бургулоочу кемесинде иштей баштаганын билдирди.
Министр Дөнмез өзүнүн Твиттердеги аккаунтундагы постунда, «Биздин жергиликтүү суу алдындагы роботубуз Кашиф Фатихте өз милдетин баштады. Жаңы колубуз жана деңиздеги көзүбүз Кашиф 3 миң метрге чейинки деңиздеги бургулоо иш-аракеттерибизде видео көзөмөлүн башкы көзөмөлгө өткөрүп, механикалык жумуштарды аткарат», сөздөрүн жазды.
Дөнмез Твиттердеги аккаунтунан Кашифтин сүрөттөрү камтылган видеону да бөлүштү.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.