Автомобиль сектору октябрь айында 2, 8 миллиард долларга өстү

Автомобиль индустриясынын бул жылы январь  -  октябрь мезгили экспортунун 25,4 миллиард долларга жетти. Айлык экспорт ортоломосу 2, 5 миллиард долларлык деңгээлге жетти.

1299635
Автомобиль сектору октябрь айында 2, 8 миллиард долларга өстү

Түркия автомобиль секторунда октябрь айында 2, 8 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды.

Түкия автомобиль индустриясынын октябрь айындагы экспорту 2, 8 миллиард доллар болду. Тарыхындагы эң жогорку экинчи октябрь айындагы экинчи эң жогорку экспортун ишке ашырган сектор 17 пайыздык үлүш менен өлкө машстабында да биринчи орунду алды.

Сектор дүйнө соодасында  болуп жаткан маселелерге карабастан автомобиль экспортун белгилүү бир деңгээлдин үстүндө кармоону улантууда.

Автомобиль индустриясынын бул жылы январь  -  октябрь мезгили экспортунун 25,4 миллиард долларга жетти. Айлык экспорт ортоломосу 2, 5 миллиард долларлык деңгээлге жетти.

Товар топторунун базасында каралганда октябрь айында жеңил машина экспорту 1 пайызга өсүп 1 миллиард 205 миллион доллар болуп, камсыз кылуу өнөр жайы экспорту да 3 пайызга артып 966 миллон долларга өстү. Автобус -  микро – автобус экспорту 10 пайызга өсүп 196 миллион доллар болуп ишке ашты.



Тектеш кабарлар