Бодрумдагы круиздик туризм
Бодрум портуна бир канча кеме келди.
Багама желектүү круиздик кеме "Seabourn Encore" Мугланын Бодрум портуна токтоду.
Бодрум круиз портунун пристанына токтогон жана Измир Чешме портунан келген 334 жүргүнчү менен 424 персоналды ташыган 180 метрлик кемедеги америкалык жана британиялык туристтердин көпчүлүгү текшерүү процедураларынан кийин пристандан жөнөп кетишти.
Пашатарласы, Кумбахче жана Жумхуриет көчөлөрүндө сейилдеген туристтер бул жерден сувенирлерди сатып алышты.
Бир тараптан Айдындын Кушадасы районуна 3 кеме менен 8 миң 270 турист келди.
Багама желектүү "Odyssey Of The Seas", Италия желектүү "Costa Venezia" жана Панама желектүү "MSC Armonia" круиздик кемелери жүргүнчүлөрү менен Эгей портуна токтошту.
Кемелерден түшкөн туристтердин бир бөлүгү Эфес жана Бүбү Мариямдын үйү туруна кошулуу үчүн порттон автобустар менен чыгышса, кээ бирлери Кушадасында соода кылууну тандашты.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.