Болгария менен Хорватиянын евро акча бирдигине өтүү процесси

Бул өлкөлөрдүн Европанын валюта курсунун механизмине кошулгандыгы билдирилди.

1453098
Болгария менен Хорватиянын евро акча бирдигине өтүү процесси

Болгария менен Хорватия евро акча бирдигине өтүүнүн биринчи баскычы болуп эсептелген Европанын валюта курсунун механизмине кошулду.

Европанын Борбордук банкынын (ECB) Башкаруу кеңеши, Болгариянын акча бирдиги лева жана Хорватиянын акча бирдиги кунанын еврого өтүү үчүн зарыл болгон критерийлерге жооп берип, "күтүү бөлмөсү" деп аталган Европанын валюта курсунун механизмине (ERM2) киргенин жарыялады.

Бул процесстен кийин Болгария менен Хорватиянын механизмде жок дегенде 2 жыл күткөндөн кийин евро акча бирдигине өтүү мүмкүнчүлүгү болот.



Тектеш кабарлар