Чет элдик инвесторлордун Түркияга кызыгуусу артууда

Түздөн-түз чет элдик инвесторлордун акыркы бир жылда да өсүү тренди уланууда.

1255588
Чет элдик инвесторлордун Түркияга кызыгуусу артууда

Түркияга келген түздөн-түз инвестициялар өткөн жылдын июнь айынан үстүбүздөгү жылдын июн айына дейре 6,3 пайызга артып, орто эсеп менен 12,4 миллиард долларга жетти.

Түздөн-түз чет элдик инвесторлордун акыркы бир жылда да өсүү тренди уланууда.

Түздөн-түз инвестициялар, өткөн жылдын июнь айынан үстүбүздөгү жылдын июнь айына дейре 6,3 пайызга артып, орто эсеп менен 11 миллиард 646 миллион доллардан 12 миллиард 385 миллион долларга жетти.

Январь-июнь мезгилинде Түркияга келген чет элдик капитал инвестицияларында Катар жана Англия биринчи орундарды алды.

Келген инвестициялар үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 188 миллион долларга өсүп, 3,1 миллиард доллар деңгээлинде ишке ашты. Бул инвестициянын 19,4 пайызы Катардан, 18,7 пайызы Англиядан жана 17,5 пайызы Азербайжандан келди. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл алдыңкы үчтүн арасында орун алган өлкөлөрдүн жалпы инвестициясынын ичиндеги үлүшү 34,3 пайыздан 55,6 пайызга жогорулады.



Тектеш кабарлар