Чет элдиктер былтыркы жылы эң көп Стамбул менен Анталиядан турак жай алышты

Чет элдиктерге турак жай сатуу 2019 -  жылы мурунку жылга салыштырганда 14,7 пайызга өсүп, 39 663төн 45 483кө жогорулады.

1343900
Чет элдиктер былтыркы жылы эң көп Стамбул менен Анталиядан турак жай алышты

Чет элдиктерге турак жай сатуу 2019 -  жылы мурунку жылга салыштырганда 14,7 пайызга өсүп, 39 663төн 45 483кө жогорулады.

Өткөн жылы чет элдиктер эң көп тандаган облус 20 857 турак жай менен Стамбул болду. Стамбулдан кийин 8951 турак жай менен Анталия, 2539 турак жай менен Анкара, 2213 турак жай менен Бурса жана 1696 турак жай менен Ялова келди.

Стамбул менен Анталияда чет элдиктер сатып алган турак жай саны 29808ге жогорулады. Ушундайча жалпы сатуунун жарымынан көбү бул эки облуста ишке ашты.

 



Тектеш кабарлар