Чет өлкөлүктөрдү тамшандырган түрк чалабы
Түрк чалабы 12 өлкөгө экспорттолду.
1363972
Түрк чалабы, өткөн жылы 12 өлкөнүн дасторконуна жетти.
Түркиянын статистикалык мекемесинин көрсөткүчүнө караганда, Түркия өткөн жылы 1 миң 667 тонна чалаптын экспортунан 924 миң 226 доллар киреше тапты.
Бул сумма 2018-жылы 878 миң долларлык деңгээлде эле.
2019-жылы өндүрүлгөн 720 миң 120 тонналык чалап 12 өлкөгө экспорттолду.
Түрк чалабы Грузия, Ливия, Азербайжан, АКШ, Ливан, Кувейт, Катар, Сирия, Ирак, Ооганстан, Бириккен Араб Эмирликтери жана Түркмөнстандагы дасторкондордо орун алды.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.