Чыгыш Анадолудан 189 өлкөгө экспорт жасалды
Түркиянын экспортчулар ассамблеясы жана Чыгыш Анадолу экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда 4 айлык экспорт 546 миллион 797 миң доллар болду.
1422889
Чыгыш Анадолу экспортчулар биримдигине мүчө фирмалар тарабынан январь-апрель айларынын аралыгында 189 өлкөгө экспорт жасалды.
Түркиянын экспортчулар ассамблеясы жана Чыгыш Анадолу экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда 4 айлык экспорт 546 миллион 797 миң доллар болду.
Чыгыш Анадолу экспортчулар биримдигинин январь-апрель мезгилинде экспортко өлкөлөргө жараша баа берилгенде 112 миллион 978 миң доллар менен биринчи орунда Ирак орун алды.
Бул өлкөдөн кийин 37 миллион 968 миң доллар менен Азербайжан-Нахечиван , 37 миллион 913 миң доллар менен Германия, 19 миллион 539 миң доллар менен Иран жана 13 миң 425 миң доллар менен Ливия орун алды.