Чыгыш Кара деңизден Орусияга мөмө жана жашылча-жемиштин экспорту
Экспорттун көлөмү өсүүдө.
1270980
Быйылкы жылдын январь-август мезгилинде Чыгыш Кара деңизден Орусияга 70,5 миллион долларлык мөмө жана жашылча-жемиш экспорттолду.
Жылдын 8 айлык мезгилинде аймактан Орусияга жасалган экспорттун көлөмү 94 миллион 621 миң 552 долларга жетти.
85 миң 438 тонна мөмө жана жашылча-жемиш экспорттолуп андан 70 миллион 517 миң 179 долларлык киреше түштү.
Бул мезгилде Орусияга 15 миллион 782 миң 945 долларлык суу азыктары жана эт азыктары, ошондой эле 5 миллион 242 миң 74 долларлык фундук сатылды.
Орусияга болгон жалпы экспорттун 77 пайыздык бөлүгү Трабзондон ишке ашты.