Дөнмез:«Абдүлхамид Хан Жер Ортолук деңизинин терең сууларына жолугуу үчүн күн санап жатат»

Министр Дөнмез, Твиттердеги баракчасында кеменин бургулоо жөндөмдүүлүгүн, деңиз, система жана жабдык сыноолорун аяктаганын белгилеп:«Абдүлхамид Хан Жер Ортолук деңизинин терең сууларына жолугуу үчүн күн санап жатат», деген сөздү колдонгон.

1864667
Дөнмез:«Абдүлхамид Хан Жер Ортолук деңизинин терең сууларына жолугуу үчүн күн санап жатат»

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын төртүнчү бургулоочу кемеси Абдүлхамид Хандын Жер Ортолук деңизинин терең суулары менен жолугушуу үчүн күн санап жатканын билдирди.

Министр Дөнмез, Твиттердеги баракчасында кеменин бургулоо жөндөмдүүлүгүн, деңиз, система жана жабдык сыноолорун аяктаганын белгилеп:«Абдүлхамид Хан Жер Ортолук деңизинин терең сууларына жолугуу үчүн күн санап жатат», деген сөздү колдонгон.

Жаңы муундагы технология менен жабдылган «Абдүлхамид Хан» бургулоо кемеси 27-июлда порттон болжол менен 10 деңиз милин сүзүп, сыноо процедураларын аяктап, 2-августта портко кайтып келди.

Министр Дөнмез мурда кеменин Жер Ортолук деңизде кызмат кыла турганын билдирген болчу.

Процедуралары аяктаган кеменин президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан 9-августта Мерсин Ташучу портунан алгачкы сапарына узатылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар