Дүйнө жүзүн желим каптап баратат...
Эл аралык экология уюму Greenpeace «желимден кутул» аттуу акциясынын жыйынтыгын жарыялады.
Дүйнөнүн эң ири суусундук өндүргөн фирмасы Coca-Cola, эң көп желим таштанды чыгаргандардын арасында 2 жыл бою удаама-удаа биринчи орунду ээледи.
Эл аралык экология уюму Greenpeace «желимден кутул» аттуу акциясынын алкагында 51 өлкөдө 484 тазалык иштеринде табылган бардыгы 476423 даана желим таштандынын жыйынтыгын жарыялады.
Greenpeace отчетунда дүйнө жүзүнүн ар башка жерлеринен алынган өрнөктөр менен эң көп желим булгануусуна алып келген фирмалар аныкталганы маалымдалып, 200дөн ашуун өлкө жана аймакта тартуулаган 500дөн ашуун маркасы менен дүйнөнүн эң ири суусундук өндүрүүчүсү болгон Coca-Cola 11732 желим таштандысы менен эң көп булгагычтардын арасында биринчи орунда көрсөтүлдү.
Coca-Colaдан кийин, PepsiCo жана Nestle орун алды. Желим таштанды чыгарууда алдыңкы ондун катарына кирген берки эл аралык фирмалар Mondelez International, Unilever, Mars, P&G, Colgate-Palmolive, Phillip Morris жана Perfetti Van Melle болду.
Отчетунда бир топ фирманын товарларын табиятка дагы ыңгайлуу абалга келтире тургандарынын убадаларын бергендери , бирок бул фирмалардын иш моделдерин чоң өлчөмдө өзгөртүшпөй табиятты сөз болгон желимдер менен кирдетүүгө калтырганы айтылды.
Кытай, Филиппин, Индонезия, Шри-Ланка жана Вьетнамда океандарга эң көп желим ташталганына шилтеме кылынган отчетто, «Азиядагы бул желим таштандылардын негизги түртүүчү күчтөрү чындыгында борбору Европа жана АКШдагы эл аралык фирмалар»,делди.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.