Дүйнөлүк банк Пакистанга 200 миллион доллар бөлдү

Пакистанда Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 2708ге жогоруласа, пандемиянын себебинен 40 киши каза болду.

1391402
Дүйнөлүк банк Пакистанга 200 миллион доллар бөлдү

Дүйнөлүк банк Пакистанга жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында 200 миллион доллардык жардам пакетин камсыздады.

Дүйнөлүк банктын жарыясында саламаттык сактоо системасынын күчтөндүрүлүшү, социо-экономикалык кемчиликтердин жеңилдетилиши, жакырлар үчүн тамак-аш камсыздалышы, пандемиянын себебинен мектепке бара албаган миллиондогон баланын билим алуу каражаттарынын камсыздалышы жана социалдык коргоо чара көрүүлөрү үчүн колдонулушунун алкагында Пакистанга 200 миллион доллардык жардам пакетин бекиткени белгиленди.

Дүйнөлүк банктын Пакистан өлкөсү боюнча директору Илланга Пачамуту, Ковид-19дун жайылуусуна бөгөт болуш үчүн Пакистанга жана Пакистан калкына берилген жардамды арттыргандарын айтты.

Пакистанда Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 2708ге жогоруласа, пандемиянын себебинен 40 киши каза болду.



Тектеш кабарлар