Дүйнөлүк банктан Ковид-19 колдоосу

Дүйнөлүк банктын Аткаруучулар кеңеши, 12 миллиард долларлык каражатты бекитти.

1508835
Дүйнөлүк банктан Ковид-19 колдоосу

Дүйнөлүк банктын Аткаруучулар кеңеши, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө коронавирус (Ковид-19) вакциналарынын, тесттеринин жана дарылоо каражаттарынын сатып алынышын жана таратылышын каржылоо үчүн 12 миллиард долларлык жардамды бекитти.

Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө, бул каржылоо аркылуу бир миллиардга жакын адамдын эмделишине колдоо көрсөтүлүшүнүн максатталгандыгы кабарланды.

Билдирүүдө, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жарандардын коопсуз жана натыйжалуу Ковид-19 вакциналарынан пайдаланылышы керектиги айтылып, каржылоо пакети менен ал өлкөлөргө каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген Дүйнөлүк банктын жетекчиси Дэвид Малпасс: «Коопсуз жана эффективдүү вакциналар менен күчтөндүрүлгөн таратуу системаларын түзүү пандемияны токтотуунун ачкычы болуп саналат, кыйратуучу экономикалык жана каржылык кесепеттерге дуушар болгон өлкөлөрдүн калыбына келишине жардам берет» деди.



Тектеш кабарлар