Эрдоган: «Эл аралык Түздөн-түз инвестиция стратегиясы экономикабызга кошумча нарк кошот»

Эрдоган, Президенттиктин Инвестиция кеңсеси тарабынан жарыяланган «2021-2023 Түркиянын Эл аралык Түздөн-түз инвестиция стратегиясына» киргизилген баасына токтолду.

1662650
Эрдоган: «Эл аралык Түздөн-түз инвестиция стратегиясы экономикабызга кошумча нарк кошот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Түркиянын Эл аралык Түздөн-түз инвестиция стратегиясы экономикабызга керектүү тармактарда кошумча нарк салымдарын өлкөбүзгө алып келүү үчүн жол картасы болот»,-деди.

Эрдоган, Президенттиктин Инвестиция кеңсеси тарабынан жарыяланган «2021-2023 Түркиянын Эл аралык Түздөн-түз инвестиция стратегиясына» киргизилген баасында, Түркиянын кеңири өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү, квалификациялуу жумушчу күчү, стратегиялык орду, заманбап логистикалык инфраструктурасы жана бардык муктаждыктарды канааттандыра турган стимул пакеттери менен эл аралык түздөн-түз инвесторлор үчүн олуттуу тартуу борбору экендигин билдирди.

Түркиянын 4 сааттык учуу аралыгы менен 1,3 миллиард калкка жана 26 триллион долларлык ири базарга жетүү мүмкүнчүлүгүн түзгөндүгүнө көңүл бурган Эрдоган, өлкөнүн бул соода артыкчылыктарынан тышкары, энергетикалык ресурстарды чыгыш-батыш жолу менен Европа өлкөлөрүнө ташуу үчүн эң ишенимдүү жолдордун бири экендигин баса белгиледи.

Эрдоган, Түркиянын ылдам экономикалык өсүшүнүн акыркы 19 жылда сатып алуу жөндөмү жогорулаган орто таптын пайда болушуна алып келгенин баса белгилеп, «Биздин ар бири 1 миллиондон ашык калкы бар 24төн ашуун шаар өлкөбүздүн өнүгүп келе жаткан ички рыногун колдойт. Орточо жашы 32,7 түзгөн жаш жана динамикалуу калкыбыз менен биз трансулуттук компаниялар үчүн өсүп жаткан жергиликтүү суроо-талап инфраструктурасын камсыз кылабыз. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө салыштырмалуу калкы эң жаш болгон Түркия, квалификациялуу инженерлердин саны боюнча дагы дүйнөлүк тизменин башында турат»,деген баасын берди.

Президент Эрдоган, Түркия 2003-жылдан бери болжол менен 225 миллиард долларлык эл аралык түздөн-түз инвестицияларды тарта алгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар