Эрдоган инвестициялар тууралуу маалымат бөлүштү
Президент Режеп Таййип Эрдоган,Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан кечээ иштетиле баштаган гидроэлектрдик станциялар тууралуу маалыматтарга орун берди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, жасалган инвестициялардын келечек муундарга мураска кала турганын айтты.
Эрдоган, Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан кечээ иштетиле баштаган гидроэлектрдик станциялар тууралуу маалыматтарга орун берди.
11,3 миллиард түрк лирасындай инвестиция менен 26 шаарда тейлөөгө киргизилген 52 гидроэлектрдик станциянын 10 миңден ашуун кишини жумуш менен камсыздай турганын баса белгилеген Эрдоган: «Бүткүл дүйнө өз өзүнчө жабылган ушул мезгилде инвестицияны, өндүрүштү, жумуш менен камсыздоону колдоого алып көрсөткөн оң багыттагы айырмалануу менен (Ковид-19) пандемияга багынбагандыгыбызды далилдедик»,-деп бөлүштү.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.