Эсенбога аэропортунда 8 айда 9, 4 миллион жүргүнчү тейленди

Август айында аэропортко ички каттамдарда учуп  - конгон учак саны 6 миң 572, тышкы каттамдарда учак саны 2 миң 142 болуп жалпы учак саны 8 миң 714кө жетти.

1266773
Эсенбога аэропортунда 8 айда 9, 4 миллион жүргүнчү тейленди

Анкара Эсенбога аэропортунда өткөн айда 1 миллион 235 миң, 8 айда 9 миллион 428 миң жүргүнчү тейленди.

Мамлекеттик аба майдандарын иштетүү боюнча башкы директорлуктун август айындагы статистикаларына караганда  Анкара Эсенбога аэропортунан өткөн айда ички каттам жүргүнчү саны 952 миң 647, тышкы каттам жүргүнчү саны 282 миң 997, жалпы жүргүнчү саны 1 миллион 235 миң 644кө жеткен.

Август айында аэропортко ички каттамдарда учуп  - конгон учак саны 6 миң 572, тышкы каттамдарда учак саны 2 миң 142 болуп жалпы учак саны 8 миң 714кө жетти.

Аэропорттун жүк ташуусу август айында жалпы 14 миң 122 тонна болуп ишке ашты.  

Жылдын 8 айлык мезгилинде болсо август айынын акырынан баштап тейленген жүргүнчү саны 9 миллион 428 миң 782, учак саны 68 миң 292 болуп катталды. Бул мезгилде ташылган жүк 82 миң 416 тоннага жетти.



Тектеш кабарлар