«Фатих» бургулоочу кемеси Кара деңиздеги «Түркали-2» кудугуна жетти
Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез,өзүнүн Твиттердеги эсебинен маалымат бөлүштү.
1569886
Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, «Фатих» бургулоочу кемеси Кара деңиздеги жаңы бургулоочу жер болгон «Түркали-2» кудугуна жеткенин билдирди.
Дөнмез, өзүнүн Твиттердеги эсебинен:«Кечээ кечинде Филёс портунан казыгын сууруп алган «Фатих» бургулоочу кемебиз, Кара деңиздеги жаңы токтой турган жери Түркали-2ге жетти. Кемебиз даярдангандан кийин Сакария газ аянтындагы иштерин баштайт. Карадеңиздин багындыруучусу иштерин тынымсыз улантууда»,-деп айтты.
Түркиянын биринчи жергиликтүү бургулоо кемеси «Фатих», Сакария газ аянтында табигый газ табылгандан кийин, биринчи бургулоо жасалган терең деңиз кудугу болгон Түркали-1деги иштерин 77 күндүн ичинде 18-январда ийгиликтүү аяктаган.