«Фатих» бургулоочу кемесинин платформасын чечүү иштери аяктады

Кеменин Стамбул кысыгынан өтө алуусу үчүн үстүндө орнотулган платформанын чыгартылышы пландалган.

1423316
«Фатих» бургулоочу кемесинин платформасын чечүү иштери аяктады

Кара деңизде бургулоо иштерин кыла турган «Фатих» бургулоочу кемесинин платформасын чечүү иштери аяктады.

Түркия мунай заттары акционердик өнөктөштүгүнүн 229 метр узундуктагы жана 51 миң 283 гроз тонна салмагындагы бургулоочу кемеси «Фатих», Кара деңизде баштай турган бургулоо иштеринин алдында Стамбулдагы Хайдарпаша портуна барган.

Кеменин Стамбул кысыгынан өтө алуусу үчүн үстүндө орнотулган платформанын чыгартылышы пландалган.

Хайдарпаша портуна караштуу кеменин платформаларын чыгаруу иштери көптөн бери чоң крандын жардамы менен улантылып келди.

Бүгүндөн тарта иштер аяктап калганда кеменин платформасы алынып, баржага жайгаштырылды.

Хайдарпаша портунан чыккан «Фатих» бургулоочу кемеси Ахыркапыга жакын жерлерде кургактыктан орто эсеп менен 2,5 км алыстыкка якорун түшүрдү.

Кара деңиз сапарынын алдында акыркы даярдыктары бүткөрүлгөн кеме, алдыдагы күндөрдө Стамбул кысыгынан өтүп Кара деңизге чыгат.

 



Тектеш кабарлар