Fitch Ratings Түрк банктарынын көрүнүшүн жогорулатты

Fitch Ratings Түркиянын насыя рейтинг баасынын туруктуу көрүнүшүнөн кийин 20 Түрк банкынын көрүнүшүн негативден туруктууга жаңылады.

1305220
Fitch Ratings Түрк банктарынын көрүнүшүн жогорулатты

Эл аралык насыя рейтингин белгилөөчү уюм Fitch Ratings Түркиянын насыя рейтинг баасынын туруктуу көрүнүшүнөн кийин 20 Түрк банкынын көрүнүшүн негативден туруктууга жаңылады.

Fitch Ratings жарыясында 1-ноябрда Түркиянын насыя рейтинг баасынын «ВВ-» деп тастыкталып көрүнүшүнүн негативден туруктууга жаңыланганы эске салынды жана буга шайкеш түрдө 20 Түрк банкынын дагы көрүнүштөрүнүн туруктууга жогорулатылганы билдирилди.

Көрүнүш өзгөртүлүшүнүн өлкөнүн банктарды колдоо жөндөмдүүлүгү тууралуу тобокелдиктердин азайышын чагылдырганы белгиленген баа берүүдө, Түркиянын тышкы финансысында чукул бузулуу ыктмалынын жакынкы мөөнөттө төмөн экени эске салынды.

Fitch Ratings жарыясында ушул себептен өкмөттүн банктарга кийлигишүү ыктымалдуулугунун азайганы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар