Германиянын газ авариялык планы «эскертүү» деңгээлине чыгарылды

Германиянын экономика жана климатты коргоо министри Роберт Хабек,Берлинде өткөргөн маалымат жыйынында Германия өкмөтүнүн газ берүүнүн кошумча кыскартууларына даярданууну улантып жатканын айтты.

1847398
Германиянын газ авариялык планы «эскертүү» деңгээлине чыгарылды

Германиянын экономика жана климатты коргоо министри Роберт Хабек, «газ кризисинин» ортосунда калгандарын белгилеп, өлкөсүнүн 3 баскычтуу күтүлбөгөн газ авариялык планынын экинчи этабы болгон «эскертүү» деңгээли ишке киргенин айтты.

Хабек борбор шаар Берлинде өткөргөн маалымат жыйынында Германия өкмөтүнүн газ берүүнүн кошумча кыскартууларына даярданууну улантып жатканын айтты.

Жаратылыш газынын берилүү коопсуздугу үчүн «эскертүү» деңгээли ишке киргизилгенин белгилеген Хабек мунун орус газынын толук токтотулушуна каршы дагы чара көрүү максатында болгонун белгиледи.

Хабек белгилегендей, газ учурда коммерциялык жактан жеткиликтүү жана сактоого мүмкүн болсо да, абал «олуттуу» экенин баса белгилеп: «Биз азыр сезбесек да, газ кризисинин ортосунда турабыз»,-деди.

14-июндан бери Орусиядан газ берүүнүн үзгүлтүккө учурашы жана газ рыногунда баалардын жогору болушунун уланып жатышы өкмөттүн бүгүнкү «эскертүү» деңгээлин активдештирүүсүндө таасирдүү болду.

Германиянын газ авариялык планы үч баскычтан турат: эрте эскертүү, эскертүү жана өзгөчө кырдаал жана этаптарга жараша базарда көрүлө турган чараларды камтыйт.

15-июнда «Газпром» немистердин Siemens компаниясына техникалык тейлөө үчүн жөнөтүлгөн айрым техникалык жабдуулар али кайтып келе электигине көңүл буруп, «Түндүк Агым» кууру аркылуу газ ташуу азайарын эскертти.

«Газпром» 16-июнга карата «Түндүк Агым» кууруна газ жеткирүү суткасына 67 миллион куб метрге чейин жетиши мүмкүн экенин билдирди.

Жогоруда айтылган линияда газ берүүнүн азайышынын натыйжасында Голландия, Германия жана Австрия газ сактоочу жайларды толтуруу максатында газ керектөөнү азайтуу үчүн көмүр электр станциялары кайра иштетиле турганын жарыялашты.

 



Тектеш кабарлар