Германиянын каржы министри ЕБнин унаа тууралуу мыйзамдарын кабыл албай тургандарын айтты

Кристиан Линднер Германиянын өнөр жай күнүнүн алкагында өткөрүлгөн жыйында сүйлөгөн сөзүндө ЕБнин 2035-жылдан тарта мүчө өлкөлөрдө жаңы бензин же дизелдик унааларды сатпоо планынын «туура эмес» экенин айтты.

1846731
Германиянын каржы министри ЕБнин унаа тууралуу мыйзамдарын кабыл албай тургандарын айтты

Германиянын каржы министри Кристин Линднер Европа Биримдигинин (ЕБ) 2035-жылдан тарта жаңы бензин жана дизелдик унааларды сатууга тыюу салган мыйзамдарын кабыл албай тургандарын айтты.

Кристиан Линднер Германиянын өнөр жай күнүнүн алкагында өткөрүлгөн жыйында сүйлөгөн сөзүндө ЕБнин 2035-жылдан тарта мүчө өлкөлөрдө жаңы бензин же дизелдик унааларды сатпоо планынын «туура эмес» экенин айтты.

Линднер Германия өкмөтү Евробиримдиктин бул мыйзамын кабыл албай турганын айтты.

Европалык Жашыл келишимдин бир бөлүгү болгон жана 2030-жылга чейин абага зыяндуу заттарды кеминде 55 пайызга кыскартууну көздөгөн «Fit for 55» пакетинин алкагында ЕБ Комиссиясы 2035-жылдан баштап сатыла турган жаңы унаалардын жана жеңил коммерциялык унаалардын нөлдүк эмиссия чыгаруусу сунушталган.

Буга ылайык, аталган күндөн тарта жаңы бензин же дизелдик унаалар ЕБ өлкөлөрүндө сатыла албайт.

Европарламент (ЕП) 8-июнда Евробиримдиктин өлкөлөрүндө 2035-жылдан тарта жаңы бензин жана дизелдик унааларды сатууга тыюу салган мыйзамды колдоду. Бул этаптан кийин ЕП менен мүчө мамлекеттердин ортосунда жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Евробиримдик 2050-жылга чейин бардык тармактарды жана унааларды нөлгө чыгарууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар