Евро аймагындагы инфляция көрсөткүчтөрү

Жылдык инфляция көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1203169
Евро аймагындагы инфляция көрсөткүчтөрү

 

Евро аймагында апрель айында жылдык инфляция 1,7 пайызга өстү.

Европа статистика мекемеси (Eurostat), Европа Биримдиги жана Евро аймагынын апрель айындагы жылдык инфляция көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда Евро аймагында мартта 1,4 пайыз болгон жылдык инфляция апрелде 1,7 пайызга жетти.

Европа Биримдигинде мартта 1,6 пайыз болгон жылдык инфляция апрелде 1,9 пайызга көбөйдү.

Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн арасында апрель айында эң көп инфляция 4,4 пайыз менен Румыния, 3,9 пайыз менен Венгрия жана 3,3 пайыз менен Латвияда болду.

Бул мезгилде эң төмөн инфляция болсо Германияда 2,1 пайыз, Францияда 1,5 пайыз жана Италияда 1,1 пайыз деп белгиленди.



Тектеш кабарлар